24.kg
14:14, 22 марта 2018, 24.kg

Мектеп олимпиадасын ачык-айкын жана калыс өткөрүүнү убада кылышты

«Билим берүү жана илим министрлиги мектеп окуучулары арасында олимпиаданы ачык-айкын жана калыс өткөрүүгө бардык үчүн жумшайт». Мындай пикирин «24.kg» агенттигине Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки жана мектепте билим берүү башкармалыгынын адиси Айнура Кусеинова билдирди.

«Ал үчүн атайын көзкарандысыз уюм тартылып, олимпиаданын үчүнчү жана төртүнчү этаптары үчүн тапшырмаларды иштеп чыгат. Өткөн жылы олимпиада «Манас» университетинин базасында өткөн. Ал жактын техникалык жабдыктары абдан жакшы болгондуктан, олимпиаданын жүрүшүн чагылдырууга шарт түзөт. Каалагандар атайын сайт аркылуу байкап турса болот», — деди Айнура Кусеинова.

Анын айтымында, апелляциялык комиссиянын курамына көзкарандысыз, мамлекеттик эмес уюмдар кирип, ЖМК жана сынакка балдары катышпаган мугалимдер байкоо жүргүзүп турат. Ал эми калыстарга жогорку окуу жайлардын жана мектептердин тажрыйбалуу мугалимдери кирет.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18