24.kg
13:58, 22 марта 2018, 24.kg

Өз бир тууганын өлтүргөн кыргызстандык аял Казакстанда кармалды

Казакстандын прокуратурасы өз бир тууганын өлтүргөн И.А. аттуу Кыргызстан жаранын жана М.Й. аттуу Түркия жаранын Кыргызстанга өткөрүп берди. Бул тууралуу Баш прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алар Казакстандын Атырау облусунда кармалган.

И.А. Түркиянын жараны менен биргеликте агасы И.К. аттуу жаранды өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн деп айыпталууда. Өрттөлгөн адамдын жансыз денеси 2017-жылдын сентябрында Жети-Өгүз районунун Көл-Кечүү аймагынан табылган.

2017-жылы сот сырттан аларды эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарып, Интерпол тарабынан эл аралык издөө жарыяланган.

16 -мартта алар Бишкектеги № 1-абакка алынып келди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18