24.kg
11:23, 22 марта 2018, 24.kg

Оштун мечиттеринде ишембилик өткөрүлүп, көчөттөр отургузулууда

Ош мэриясынын «3 айлык ишембилик» жарыясынын алкагында Ош шаардык казыяты бир катар мечитерде ишембилик өткөрүшүп, көчөттөрдү отургузушту. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Ишембилик иш чарасында мечиттин айланасын тазалоо жана көчөт отургузуу иштери уюштурулуп, ошондой эле мечит имамдарына тазалыкты сактоо милдеттендирилди.

"Ишембилик саамалыгы алкагында шаар казысы мечитте кызмат өтөп жаткан дин кызматкерлерине, жергиликтүү тургундар менен тыгыз иштешип, ар кандай бузуку иштерден, чагымчылыктан алыс болууга чакырды. Бул кызмат абдан жоопкерчиликтүү экенин имамдарга баса белгиледи",-деди Ош казыятынын маалымат кызматы.

Ушундай мечиттерди тазалоо жана көрктөндүрүү иштери шаардык казыяттын башка аймактарындагы мечиттерде да улантылууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18