24.kg
10:57, 22 марта 2018, 24.kg

Быйыл мектеп олимпиадасын өткөрүүгө көзкарандысыз уюм тартылат

23-24-мартта мектеп окуучулары арасында жалпы республикалык олимпиада өткөрүлөт. Ага 320дан ашык мектеп окуучусу катышат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки жана мектепте билим берүү башкармалыгынын адиси Айнура Кусеинова билдирди.

2018-жылы уюштурулган мектеп олимпиадасынын артыкчылыгы, ага көзкарандысыз уюмдун тартылганында.

Жарыяланган тендерден Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору утуп алып, ал 10 предмет боюнча тапшырмаларды даярдаган.

"Мектеп окуучуларынын ортосунда олимпиада жыл сайын 4 баскычта өткөрүлөт. Мектептик, райондук, облустук жана республикалык. Ар бир предмет боюнча тапшырмалар иштелип чыкты",- деди Айнура Кусеинова.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18