24.kg
09:32, 22 марта 2018, 24.kg

Түркияда өлтүрүлгөн кыргызстандык кыздын жакындары изделүүдө

Түркияда өлтүрүлгөн 26 жаштагы Ырыскүл Жээнбек кызынын сөөгү дагы деле Памуккале университетинин ооруканасынын өлүкканасында кармалууда. Бул тууралуу Haberler агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, кызы жерге берүү иштерин эч ким уюштура элек. Анын жакындары изделүүдө.

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги өлтүрүлгөн кыздын маселеси тууралуу эч кандай маалымат бере элек. Буга чейин анын туугандары изделип жатканын маалымдаган.

Эскерте кетсек, 19-мартта Түркиянын Денизли шаарынын Кокаарык районунан жумушчулар жылаңач кыздын жансыз денесин табышкан. Экспертиза кыз киши колдуу болуп өлтүрүлгөнүн аныктаган. Анын өлүмүнө шектүү катары Каршыяк районунда касапчы болуп иштеген 30 жаштагы Барыш Юнал кармалган. Ырыскүл Жээнбек кызы Түркияда официант болуп иштечү.

Photo 64062

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18