24.kg
08:56, 22 марта 2018, 24.kg

«Экстремизмге, терроризмге жана суицидке жол жок» аталышындагы форум өттү

Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айылында «Экстремизмге, терроризмге жана суицидке жол жок» аталышындагы форум өттү. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын алкагында өспүрүмдөр арасындагы талап-тоноочулук, өзүнүн өмүрүнө кол салуу, терс диний агымдардын алдын алуу маселелери талкууланды.

«Учурда район аймактарында «Араксыз келечекке кадам», «Ыймандуулуктун бутактары» аталышында бир катар иш аракеттердин жыйынтыгы жакшы натыйжасын берүүдө. Муну менен катар мектеп окуучуларына болгон түшүндүрүү иштери алыскы айыл аймактарында улантылууда», -деди форумдун жүрүшүндө райондун баш имам хатиби Бакыт ажы Кайкиев.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18