24.kg
17:10, 19 марта 2018, 24.kg

Нооруз майрамы учурунда Бишкектин айрым көчөлөрүнө чектөөлөр коюлат

21-март Нооруз майрамына байланыштуу коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында Бишкектин айрым көчөлөрүнө чектөөлөр коюлат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Чүй проспектинин Тыныстанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү, Эркиндик бульварынын Панфилов, Орозбеков, Разаков көчөлөрүнүн Чүй проспектинен Киев көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат. Ошондой эле Абдумомунов көчөсү Эркиндик бульварынан тартып Панфилов көчөсүнө чейин, Панфилов, Орозбеков, Раззаков көчөлөрү Абдумомунов көчөлөрүнөн тартып, Фрунзе көчөсүнө чейин жабылат.

Андан тышкары, транспорттук каражаттардын жана жарандардын көбөйүшүнө жараша Киев, Фрунзе, Иманалиев көчөлөрүндө автоунаалар үчүн убактылуу чектөөлөр коюлат.

Photo 63727

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18