24.kg
16:18, 19 марта 2018, 24.kg

Суроо-жооп: Күйөөм иштесе беш маал намаз окуй албастыгын айтып, үйдө олтурат

«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.

Суроо: Жолдошум иштебей үйдө олтурат. Анын айтымында, иштесе беш маал намазы үзгүлтүккө учурайт. Үйдө олтуруш үчүн эле намаз окугандай сезилет. Аны күчтөп жумушка чыгарсам, күнөөгө батамбы?

Жооп: Эгер ал иштебесе, демек үй-бүлөсүнүн башка киреше булагы болсо керек. Же, жубайы акча иштеп табат. Албетте намаз иштебей, үйдө олтурганга эч качан себеп боло албайт. Эркек биринчи кезекте өз үй-бүлөсүн багуусу керек. Ошондо ал кудай алдында ак болот. Жолдошуңузду күчтөп эмес, сүйлөшүп, жумушка чыгарсаңыз болот. Аны менен сиз ага адам катары өсүүгө жана үй-бүлө алдында мусулман катары милдетин аткарууга гана түртөсүз.

Анүстүнө, жумушта эч качан биз үчүн толук шарттар түзүлбөйт. Киши жумушка карата ыңгайлашуусу зарыл.

Photo 63714

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18