24.kg
15:54, 19 марта 2018, 24.kg

Балдар "Керемет Кɵч"аркылуу каржылык сабаттуулукка тарбияланат

Улуттук валютанын 25 жылдыгына жана Бүткүл дүйнөлүк акча күнүнө карата Улуттук банк менен БУУнун балдар фонд бөбөктөрдү каржылык сабаттуулукка тарбиялоо максатында "Керемет Кɵч«анимациялык фильминин жаңы серияларын тартты. Тасма «Тунгуч» жаштар театрында коюлду.

Анда баш каармандар Актан менен Акылай, балдарга жалпак тил менен улуттук валютаны, акчанын баалуулугун жана аны кантип сарамжалдуу колдонуу керек экендигин айтып беришет.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана массалык маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун айтымында, алар балдардын каржылык сабаттуулугун жогорулатууга өзгөчө көңүл бурат.

«Азыркы заманбап турмушта акча каражатын туура пайдалануу башкы инструменттердин бири», — деди Толкунбек Абдыгулов.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18