24.kg
14:33, 19 марта 2018, 24.kg

Орозбек Бакытов Италияда опера ырчыларынын эл аралык сынагын жеңип алды

Орозбек Бакытов Италияда опера ырчыларынын эл аралык сынагын жеңип алды. Бул тууралуу ал өзү билдирди.

Анын айтымында, 13-15-мартта Козенца шаарында өткөн сынакка дүйнөнүн 60 өлкөсүнө ырчылар катышты.

«Сынакка дүйнөнүн белгилүү опера ырчылары, режиссерлор жана дрижерлер калыс болушту. Экинчи турган 15 ырчы өтсө, анын жетөө гана финалга чыкты. Мен Рим опера театрынын «Жаш артист» номинациясын утуп алдым» — дейт ал.

Орозбек Бакытов акыркы эки жылдан бери Рим эл аралык музыка мектебинде окуп, Италиянын алдынкы театрларында иштеп келет.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18