24.kg
14:15, 19 марта 2018, 24.kg

Эртеңден баштап милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барат

“Нооруз” майрамы учурунда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында Ички иштер министрлиги тарабынан бир катар тиешелүү чаралар көрүлдү. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

15-марттан баштап республика аймагында укук бузууларды  жана жол коопсуздугунун эрежелерин бузууну алдын алуу багытында атайын иш-чаралар жүрүүдө. Ал эми, 20-марттан баштап ИИМдин бөлүмдөрүнүн өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте кызматын өтөшүп, элдик кошуундарды тартуу менен күн-түн кызматта болушат. Ушунун негизинде, өзгөчө маанилүү жана стратегиялык объекттер, мамлекеттик мекемелер көзөмөлгө алынат.

 Ички иштер органдарынын облустук жана шаардык башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын, райондук бөлүмдөрүнүн нөөмөт бөлүмүндө ыкчам-тергөө тобунун күчөтүлгөн нөөмөтү уюштурулду.

Майрамды өткөрүү учурунда Бишкек жана Ош шаарларынын аянттары, эс алуу жайлары, сейилдөө бакчалары, андан тышкары областтардын, райондордун борборлору, элдер көп жайгашкан аймактар көзөмөлдөнөт.

 ИИМ жарандарды коопсуздук чараларына жана өткөрүү эрежелерине түшүнүү менен мамиле кылып, этият болууга чакырат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18