24.kg
11:02, 19 марта 2018, 24.kg

Бүгүн Исхак Раззаков эскерилет

Бүгүн Кыргыз ССРинин биринчи катчысы Исхак Раззаковду эскерүү «Ала-Арча» көрүстөнүндө өтөт. Ал 1979-жылы 19-мартта көз жумган.

Photo 63632

Исхак Раззаков 1910-жылы 25-октябрда Баткен облусунун Лейлек районунун Коросон айылында туулган. Тажикстанда, Өзбекстанда билип алып, иштеп, Москванын чечими менен Кыргызстанга которулган. Кыргызстанды 1954-1961-жылдары Кыргызстанда жетекчилик орундарда эмгектенген. Бул жылдары өлкөнүн экономикалык жана социалдык абалы чоң арыш жасалат. Азыркы ири имараттар салынып, элет жериндеги балдарды агартууга, жаштарды окутууга жол ачылат. 

Ал арада Исхак Раззаковду улутчул катары көрсөтүү аракеттери көрүлүп, атайын жыйында кызматтан алынат. Ага үч күн ичинде Москвага чыгып кетүү буйрулуп, бир топ жылдар бою мекенине кайтып келе алган эмес.

Исхак Раззаковдун сөөгү эгемендүүлүк жылдары гана мекенине алынып келинип, «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат. 2015-жылы Алим Токторов «Исхак Раззаков» аттуу тасма тартат.

Photo 63631

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18