24.kg
08:59, 19 марта 2018, 24.kg

Баткенде облустук ишембиликке 28 миңге жакын адам катышты

Баткен областынын аймагында «Таза жашоо» ураанын астында Көрктөндүрүүнүн жана санитардык жактан тазалоонун үч айлыгын өткөрүү боюнча 17-мартта облус боюнча ишембилик болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү маалымдайт.

Ишембиликке 683 ишканадан жалпы 27 544 адам катышты. Жыйынтыгында парктар, скверлер жана бакчалар ондоп түзөө сырдоо иштери 10 обьектте аткарылды.

«Бүгүнкү күнгө көчөлөрдү жарыктандыруу боюнча 19 км 200 метрге жарыктар орнотулуп, 201345 даана дарактар отургузулду. Бүгүнкү күнгө карата 48 км 101 метр жолдо жана тротуарларда ондоп түзөө, тазалоо иштери аткарылды» — деп айтылат маалыматта.

Ишембиликте област боюнча 948 тонна 750 кг таштанды топтолгон. Андан тышкары, жалгыз бой карыяларга жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын үйлөрүн актоо сырдоо калыбына келтирүү иштерин көмөк жергиликтүү бийлик элет тургундары менен көмөктөшүүдө.

Бул иштерге област боюнча 10 күн аралыгында 6 млн 123 миң 175 сом жумшалган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18