24.kg
08:38, 19 марта 2018, 24.kg

Өзбекстан менен Кыргызстан төрт автобус каттамын ачат

Өзбекстан менен Кыргызстан мамлекет аралык төрт автобус каттамын ачуу маселесин карап жатат. Бул тууралуу өзбек маалымат каражаттары жазышты.

Өзбекстандын Автоунаа транспорту агенттигинин жетекчи орун басары Шаалим Шавахабовдун билдиришинче, бул маселе боюнча эки өлкөнүн тиешелүү органдарынын ортосундагы сүйлөшүүлөр аяктап калды.

«Биз жакынкы айларда Ташкент — Балыкчы, Фергана — Ош жана «Анжиян — Ош» багыттары боюнча автобус каттамдарын ачууну пландап жатабыз. Андан тышкары Ташкент — Ысык-Көл багыты боюнча сезондук каттам ачуу мүмкүндүгү дагы каралууда», — деди ал.

Кыргыз-өзбек алакасы өткөн жылдан тарта жакшыра баштаган. 2017-жылы мамлекет башчылар бир канча жолу жолугуп, экономикалык кызматташтыкты жандандыруу тууралуу макулдашууларга кол коюшкан.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө кыргыз-өзбек чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү бекеттеринен суткасына 12 миңге жакын киши өтүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18