24.kg
15:21, 16 марта 2018, 24.kg

1840-жылы Италияда токулган килем Кыргызстанда 1 млн сомго сатылды

Кара-Балта шаарынын тургуну кайненеси мурас катары калтырган килемди 1 млн сомго сатты. Бул тууралуу Turmush жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, килем 1840-жылы Италияда токулган. Келиндин кайненеси аны жаш кезинде сатып алган. Килемди сатуу тууралуу жарнаманы Интернет аркылуу сайттардын бирине жайгаштырган. Бир апта өткөн соң кардар аны автоунаага алмашууну сунуштаган.

"Коомдо ар кандай адамдар бар. Андыктан өзүм жөнүндө маалымат бербей эле койсом туура болот. Мен келин болуп келгенде килем дубалга тагылып турчу. Маани деле берчү эмесмин. Кийин таржымалын үйрөнгөн соң, антиквариат катары сатууну чечип, 1 млн сомго бааладык. Сатып алган кардар менден купуялуулукту сактоону суранды",- деди Айнура.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18