24.kg
14:39, 16 марта 2018, 24.kg

«Салам Кыргызстан» көрсөтүүсү эфирден алынды

Коомдук каналдын «Салам Кыргызстан» көрсөтүүсү эфирден алынды. Бул тууралуу КТРКнын баш директору Илим Карыпбеков өзүнүн Facebook социалдык түйүнүндөгү баракчасына жазып чыкты.

Карыпбеков көптөгөн көрөрмандардын сын-пикирлерин эске алуу менен «Салам Кыргызстан» көрсөтүүсүн токтотуу боюнча чечим кабыл алгандыгын билдирген.

«Интернет булактарында таркап, талкууга алынып жаткан ырчы Клара Алибекова жана «чыпалак баатыр» боюнча көрсөтүүлөрдү карап чыгып төмөнкүнү билдирем. Клара Алибекова жөнүндө көрсөтүү чыкканына бир жылдан ашкан экен. Бирок бул көрсөтүүнү жана «чыпалак баатыр» жөнүндө болгон окуяны мен дагы туура эмес, этикалык көрүнүштүн чегинен чыгып кеткен деп кабыл алам. Ошондой эле башка көптөгөн көрөрмандардын сын-пикирлерин эске алып «Салам Кыргызстан» көрсөтүүсүн токтотуу боюнча чечим кабыл алдым. Тартылып, эфирге даярдалып калган көрсөтүүлөрүн дыкаттык менен карап чыгып, эфирге чыгарабыз. Ал эми көрсөтүүнүн концепциясын, алып баруучуларын кайра карап чыгып, көркөм кеңештин кароосуна жөнөтүлүүсү сунушталды. Биздин туруктуу көрөрманыбыз болуп, конструктивдүү сын-пикир берип, көрсөтүүлөрүбүздүн жакшыруусуна чоң салым кошуп жатканыңыздарга ыраазычылыгымды билдирем», — дейт КТРКнын баш директору.

 

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18