24.kg
13:32, 16 марта 2018, 24.kg

Фракция вице-премьердин отчётун канааттандырарлык эмес деп тапты

Бүгүн, Социал-демократтар фракциясы кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана бизнести коргоо боюнча вице-премьер-министр Даир Кенекеевдин жана күч органдарынын отчётун укту.

Депутаттар отчётту канааттандырарлык эмес деп таап, өкмөт мүчөлөрүнүн даярдыгына баа берүү үчүн стенограмма премьер-министрге жолдоно турганын айтышты.

Фракция лидери Иса Өмүркулов бир дагы депутаттын суроосуна өкмөт мүчөлөрү толук кандуу жооп бере албагандыгын баса белгиледи.

Депутат Эльвира Сурабалдиева бир жыл ичинде пара талап кылгандыгы боюнча бир гана тергөөчүгө кылмыш иши козголгонун маалымдады. Анын айтымында, мындай фактылар ондоп саналат, бирок эч ким жоопкерчиликке тартылбайт. Эл өкүлү райондук бөлүмдөрдү көзөмөлгө алган Баш прокуратуранын тергөөчүлөрүн дагы кылмыш жоопкерчилигине тартуу зарылдыгын белгиледи.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18