24.kg
17:25, 15 марта 2018, 24.kg

Көк бөрү оюнунда мыкты делген алгачкы 4 команда чейрек финалга чыкты

Бишкектеги «Аккула» ат майданында Нооруз майрамына арналган көк бөрү боюнча республикалык мелдеш башталды. Бул тууралуу super.kg сайты маалымдайт.

Алардын маалыматында, 16 команда күч сынашууда. Бүгүн 8 команда өз ара беттешип, чейрек финалга өткөн алгачкы командалар аныкталды.

Алгач «Ынтымак» жана «Келечек» командалары таймашты. Таластын «Ынтымак» командасы «Келечекти» 6:0 эсебинде жеңип чыкты.

Ал эми «Толкун» командасы «Төш-Булакты» 12:0 эсебинде утуп алды.

Андан соң «Биримдик Аю» Нарындын «Дөлөн» командасы менен күч сынашып, 7:0 эсебинде Сокулуктун улакчылары жеңип чыкты.

Акыркылардан болуп таймашкан Таластын «Мурас» командасы «Казарман» командасын 1:14 эсебинде артка таштады. Жыйынтыгында «Ынтымак», «Толкун», «Биримдик Аю» жана «Мурас» командалары чейрек финалга чыкты.

Эртең, 16-мартта жарым чейрек финалда 8 команда ат салышып, жеңүүчүлөр чейрек финалга чыгат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18