24.kg
16:38, 15 марта 2018, 24.kg

Депутат аэропортто туристтерден 20 доллар салык алууну сунуштады

Парламентте Кыргызстанга келген туристтерден 20 доллар салык алуу сунушталды. Бул боюнча «Ата Мекен» фракциясынан депутат Сайдулла Нышанов бүгүнкү жыйында айтты.

Депутат акыркы кезде Кыргызстанга келген туристтердин саны өсүп жаткандыгын айтып, аларга аэропорттон эле акча талап кылуу демилгесин көтөрдү.

«Маселен, Дубайда аэропортко 40-50 доллар төлөйбүз. Бизге келип жаткан туристтерден аэропортто 20 доллар салык алынса, алар үчүн көп деле каражат эмес. Мен туристтерден кызыгып сурап көргөнүмдө шарт болсо эле 20 доллар маселе эмес экенин айтышты», — деди депутат.

Депутат өкмөттүн Кыргызстанга кайсыл мамлекеттерден канча турист келип жатканы тууралуу маалымат берүүнү өтүндү.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18