24.kg
14:21, 15 марта 2018, 24.kg

«Ош» бажысынын аткаминерлерине карат кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура Бажы кызматындагы кылмыштарды аныктоо ишин улантууда.

Буга байланыштуу Бажы кызматынын айрым кызматкерлерине Кылмыш жаза кодексинин «Аткезчилик», «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Документтерди жасоо» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду. Алар мыйзам бузуу жолу аркылуу бажы транзитинин жол-жоболорун токтоткон. 2017-жылы «Ош» бажысынын кызматкерлери жүктөдү эл аралык жол транспорт аркылуу ташып өтүүдө автоматташтырылган бирдиктүү маалымат системасына негизсиз транзиттик декларацияны киргизишкен.

Товардын баркы 49 миң долларды түзгөн. Анын кесепетинен мамлекет 686 миң сом чыгымга дуушар болгон. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18