24.kg
14:10, 15 марта 2018, 24.kg

Баткен карлик бактарды өстүрүүгө өтөт

Баткенде жапыз бойлуу бактардын аянтты кеңейтилет. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү билдирет.

Маалыматта Кадамжай районунун кең талааларына эки жыл мурда отургузулган көчөттөр былтыр алгачкы түшүмүн бергендиги айтылат. Ал эми быйыл багбандар мол түшүм алуу максатында, көчөттөрдү бутоо, дарылоо жумуштарын кызуу жүргүзүүдө.

Облус ар бир айылда коорперативдерди түзүп, карлик бактарды өстүрүүгө үндөмөкчү. Жалпысынан жогорку сапаттагы мөмө- бактарын аянты кеңейтилери айтылат.

Адистердин айтымында карлик көчөттөрү гектарынан 3 жылда 30 тонна, 5жылда 50 тонна түшүм берет. Бул бактардын мөмөсү жыш жайгашып, түшүмдүү келип, 30 жылдан ашуун мөмө берээрин ырасташат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18