24.kg
13:48, 15 марта 2018, 24.kg

Быйыл мектеп окуучуларына ысык тамак берүү үчүн каражат көбүрөөк бөлүнөт

2018-жылы мектеп окуучуларын ысык тамак менен камсыз кылуу үчүн өкмөт 555 миллион 941,7 миң сом бөлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бул 2015-2017-жылдарга салыштырмалуу 121 миң 505,5 сомго көп. Министрлик белгилегендей, мектеп окуучуларын ысык тамак менен камсыздоо билим берүү системасынын ишиндеги стратегиялык багыттардын бири.

Өкмөттүн чечимине ылайык, ашпозчулар үчүн штаттык бирдик киргизилген.

Буга чейин Кыргызстан мектептеринде ысык тамак уюштуруу үчүн Россия 10 миллион доллар грант бөлгөндүгү маалым болгон.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18