24.kg
11:03, 15 марта 2018, 24.kg

Парламентте бош турган кызматтык үйлөрдү жетимдерге берүү сунушталды

Депутаттардан баш тарткан кызматтык батирлерди балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнө өткөрүп берүү сунушталды. Бул тууралуу бүгүнкү отурумда депутат Гүлшат Асылбаева билдирди.

Анын айтымында, интернаттардын бүтүрүүчүлөрү жашы жеткенден кийин балдар үйүнөн чыгарылып, көчөдө калышат. Аларда каттоосу да, үйү да жок. Үй, жер тилкесин сатып алууга, же ипотека алууга дагы мүмкүнчүлүгү болбойт.

«Жогорку Кеңештин баардык фракциялары кызматтык батирден баш тарткан. Шаардын борборундагы кызматтык батирлерди эч ким колдонбойт. «Аламүдун-1» кичирайонундагы батир жети жылдан бери бош турат. Андан тышкары, шаардагы алты батирде дагы эч ким жашабайт. Ага карабай ЖК коммуналдык кызматтарын төлөп келет. Ошол батирлерди жетимдерге берели» — деди ал.

Депутат үйдү биротоло эмес, убактылуу колдонууга өткөрүп берүүнү сунуштайт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18