24.kg
08:09, 15 марта 2018, 24.kg

Меркель төртүнчү мөөнөткө канцлер болуп шайланды

Шаршембиде Бундестагдын депутаттары Христиан-демократтар союзунун лидери Ангела Меркелди Германиянын канцлери кылып шайлашты. Бул Меркелдин канцлердик кызматтагы төртүнчү мөөнөтү болот.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында анын талапкерлигин 364 депутат колдоп, 315и каршы добуш берди. Тогузу калыс болду.

Былтыр сентябрда Меркелдин партиясы Германиядагы шайлоодо жеңишке жеткен. Бирок аз добуш алып калгандыгына байланыштуу Бундестагдагы орундардын 34,70 гана пайызына ээ болгон.

Меркел жарым жылдан ашык парламентке өткөн башка партиялар менен коалиция түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Ноябрда Эркин демократиялык партиянын либералдары канцлер менен бир пикирге келе албагандыктарын билдиришип, коалиция түзүүдөн баш тартышткан. Андан соң Меркель колдоо сурап Мартин Шульц жетектеген Социал-демократтар партиясына кайрылып, тараптар январда макулдашууга келишкен.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18