24.kg
16:02, 14 марта 2018, 24.kg

15-мартка аба-ырайы: Жаан карга айланат

15-мартта өлкө аймагында туруксуз аба ырайы сакталып, мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.

Айрым жерлерде жаан-чачындын катуу жаашы ыктымал. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Тоолуу райондордо жана тоо этектериндеги жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Чүйдө жана Таласта түнкүсүн — 1...-6° суук, күндүз 0...5° жылуу,

Ош, Жалал-Абад, Баткенде — түнкүсүн −1° сууктан ...+4° чейин, күндүз 4...9°,

Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн −2...-7° суук, күндүз 0...5° жылуу,

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн −8...-13°, күндүз −1...-6° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн −20...-25°, күндүз −5...-10° суук болушу күтүлөт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18