24.kg
14:24, 14 марта 2018, 24.kg

Ошто окуучу кызды ала качып кетти

Оштун тургуну мектеп жашындагы кызда ала качып кетти. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Ош облустук ИИБ билдирди.

Маалыматка ылайык, кыздын ата-энеси милицияга арыз менен кайрылган. Анда бейтааныш жигит кызын күч колдонуу жолу менен унаага салып, белгисиз тарапка алып кеткени жазылган.

«Ата-энесинин айтымында, азият улутундагы жигит кызды үйүнүн жанынан уурдап кеткен. Жүргүзгөн ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында 27 жаштагы Оштун тургуну кармалды. Ал 9-класстын окуучусу менен телефон аркылуу таанышып, андан соң ала качып кеткен», — дейт ИИБ.

Аталган факт боюнча «Адам уурдоо» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18