24.kg
14:15, 14 марта 2018, 24.kg

Өзбекстанда денесинен 16 ийне табылган наристе сакайды

Өзбекстанда денесинен 16 кийим тигүү ийнеси табылган 11 айлык наристе ооруканада дарыланган соң үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу 14-мартта Өзбекстан саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Ташкенттеги Республикалык илимий борбордун хирургдарынын маалыматы боюнча 11 айлык Азизбек Абдумажидовдун денесинде дагы 3 ийне бар. Бирок алар азырынча өмүргө коркунуч жаратпайт. Кийинчерээк операция жолу менен калган ийнелер дагы алынышы мүмкүн.

Быйыл 17-январда Фергана облусунда жашаган 11 айлык наристенин денесинен 16 кийим тигүү ийнеси табылган. Андан соң ага Ташкенттеги Республикалык илимий борбордо он саатка созулган операция жасалып, денесинен 13 ийне алып чыгышкан. Калган ийнелерди баланын жаш курагын эске алуу менен кийинки операция учурунда алып чыгуу жөнүндө чечим кабыл алынган.

Бирок Азизбек операциядан кийин комага түшүп калган. Анализ учурунда ийнелер баланын организминде эки айдан бери жүргөнү аныкталган. Алар дененин ар кайсы бөлүгүндө — жоон ичеги, табарсык, төш, моюн, омуртка жана жүрөгүнүн алдында болгон.

Орусиядан кайтып келген наристенин атасы ийнелер кантип баланын денесине киргенин билбейт. Апасы тергөө органдарында сурак берүүдө.

Photo 62982

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18