24.kg
11:57, 14 марта 2018, 24.kg

Ассоль Молдокматова Түркияда өтчү «Жамиля» спектаклине продюсерлик кылат

Белгилүү теле алып баруучу Ассоль Молдокматова жакында Түркияда болду. Ал Түркия президентинин жана премьер-министринин резиденциясында Инвестициялык долбоорлор Ассоциациясынын башчысы, Түркия президентинин кеңешчиси Ялчын Топчу менен жолугушту. Андан тышкары маданият министри Хусейн Яйман, Түрксойдун орун басары Фират Пурташ мырзалар менен дагы баарылашты.

Жолугушууга улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун уулу Аскар Айтматов дагы активдүү катышты. Жолугушуу учурунда эл аралык долбоорлор, түрк тасмаларынын жумалыгын өткөрүү, «Даңазалуу доор» сериалынын жылдыздарынын келүүсү, ошондой эле Ассоль Молдокматова продюсерлик кылган «Жамиля» спектаклинин премьерасы талкууланды. Оюн Түркиянын беш шаарында жана Трабзондо өтүүчү драматургия фестивалында көрсөтүлөт.

Андан тышкары Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата сүрөт көргөзмөсүн уюштуруу маселеси талкууланууда. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов менен Молдокматова мекендештер үчүн өтүүчү «Тайм-менеджмент» тренингин талкуулады. Кыргызстанда «Жамиля» спектаклинин ачылышы 29-мартта «Фрунзеде» өтөт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18