24.kg
10:25, 14 марта 2018, 24.kg

Улуттук банк: 2019-жылы ички дүң өндүрүм 5,5 пайызга өсөт

2018-жылыдын жыйынтыгы менен ички дүң өндүрүмдүн реалдуу өсүүсү 5,5 пайызга чейин жете тургандыгы айтылууда. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Маалыматка ылайык, 2018 жана 2019-жылдарга карата Орусияда ички дүң өндүрүмдүн өсүүсү 1,9 пайызга жете тургандыгы күтүлүүдө. Ал эми Казакстандыкы болжол менен 3,2 жана 3,3 пайызды камтыйт.

Дүйнөнүн соода рынокторундагы баа динамикасы жана соода өнөктөштүгүндөгү экономикалык өсүш перспективасы Кыргызстандын экономикалык өнүгүшү үчүн оң багыт түзүүнү улантууда.

Кумтөрду эске албаганда, 2018-жылы өлкөдө ички дүң өндүрүмдүн өсүүсү 5,2 пайызга жетет.

Ал эми 2019-жылы ички дүң өндүрүмдүн реалдуу өсүүсү 4,3 пайызга жете турганы болжолдонууда. Кумтөрдү эске албаганда 5,5 пайызды түзөт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18