24.kg
10:03, 14 марта 2018, 24.kg

Кургак учукка көбүнчө ички жана тышкы миграцияда жүргөндөр чалдыгат

Кургак учукка көбүнчө ички жана тышкы миграцияда жүргөндөр чалдыгат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын маалыматында айтылат.

Учурда шаарда кургак учукка каршы бир айлык жүрүп жатат.

Мэриянын билдирүүсүндө, илдетти аныктоо кыйла жеңилдеди.

«Буга чейин ооруну аныктоо көп убакытты талап кылса, эми жаңы келген аппараттардын жардамы менен оорунун диагнозу 2 саатта дайын болууда. Атайын тесттин жардамы менен аныкталган оорулууларды дарылап айыктыруу жагы колго алынгандыктан, мурдагы жылдарга салыштырмалуу илдетке чалдыккан улуулардын да, балдардын да саны азайып баратат» — дейт мэрия.

Облус боюнча 2016-жылы кургак учук менен 981, 2017-жылы — 937ге бейтап катталды. Ал эми Жалал-Абад шаарында өткөн жылы алгачкы 2 айда 12 атуул кургак учукка кабылган болсо, бул жылы 2 айда 5 адам катталды.

«Ооруну жуктургандардын басымдуу бөлүгү чет жактарда иштеп келгендер болууда» — дейт мэрия.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18