24.kg
09:34, 14 марта 2018, 24.kg

Кыргызстандын тышкы карызынын 30 пайызы Кытайга таандык

Январга карата Кыргызстандын Кытайга болгон карызы 10,24 миллион долларга өскөн. Тактап айтканда 1 миллиард 711,48 миллион долларга жеткен. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Photo 62913

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 31-январына карата мамлекеттик карыз 4 миллиард 624,81 миллион долларга жеткен же 316 миллиард 290,85 миллион сом болгон. 2018-жылдын биринчи айында 111,81 миллион долларга өскөн.

Алардын ичинен тышкы карыз 4 миллиард 139,28 миллион долларга жеткен. (283 миллиард 85 миллион сом). Анын 41,3 пайызын Кытайдын Экспорттук жана импорттук банкына болгон карыз түзөт. 1 миллиард 635,08 миллион долларды мамлекет ар тараптуу жеңилдетилген насыялардын алкагында карыз.

Ал эми ички карыз 485,54 миллион долларды түзөт. (33 миллиард 205,83 миллион сом). Жыл башынан бери Кыргызстан мамлекеттик арызын төгүүгө 2 миллиард сомдон ашык каражат сарптаган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18