24.kg
16:20, 13 марта 2018, 24.kg

Бишкектен Баткенге багыт алган учак коно алган жок

Бишкектен Баткенге багыт алган «Тез Жет» авиакомпаниясынын учагы кайра «Манас» аэропортуна келип конду. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

«Бортто бары жайында. Баткенде туман болгондуктан учак коно алган жок. Жүргүнчүлөрдүн айрымы Ошко учуп кетсе, калгандары билеттерди кайтарып берди», — деп маалымдады басма сөз кызматы.

Эскерте кетсек, 1-март күнү ушул эле авиакомпаниянын RJ-85 үлгүсүндөгү учагынын соң кыймылдаткычы иштебей калып, авариялык конууга дуушар болгон. Бактыга жараша жүргүнчүлөр жабыркаган эмес. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголгон.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18