24.kg
15:50, 13 марта 2018, 24.kg

Мандат талаш. Депутаттыкка талапкер «Республика — Ата-Журттан» чыккан эмес

Өмүрбек Бабановдун партиясында кайрадан чыр. «Республика — Ата-Журт» партиясынан Жогорку Кеңешке талапкер Болот Дыйканбаев тизмеде чыгууга арыз жазган эмес. Бул тууралуу ал өзү бүгүнкү маалымат жыйында билдирди.

Болот Дыйканбаевдин айтымында, Өмүрбек Бабанов мандатын тапшыргандан кийин анын тизмедеги кезеги жакындагандан улам Борбордук шайлоо комиссиясына келип кабар алган. Ал жерде талапкерлердин тизмесинен чыгарылганын маалымдашкан.

«Арыз 2015-жылы 9-октябрда жазылыптыр. Мен анда Ошко учуп кеткенмин. Мен арыз жазган эмесмин. Арызга коюлган кол да мага тиешелүү эместигин соттук медициналык экспертиза аныктады» — дейт ал.

Болот Дыйканбаев 2015-жылы партиянын башка мүчөлөрү менен бирге Өмүрбек Бабанов жана Камчыбек Ташиевдин суранычы менен касам ичип, карганганын мойнуна алды.

«Бирок мен шайлоодо жетиштүү добуш алганмын. Андыктан, тизмеден чыгуу арызын жазган эмесмин» — дейт ал.

Талапкер тизмеде 75 орунда болгон. Ал жакында эле мандатынан баш тарткан партиялашы Фархад Иминовдун ордуна келмекчи.

Болот Дыйканбаев жасалма арыз боюнча Башкы прокуратурага кайрылды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18