24.kg
15:27, 13 марта 2018, 24.kg

Кытай Кыргызстан аркылуу өтүүчү кыска жол транзитин талап кылууда

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууда Кытай Кыргызстан аркылуу өтүүчү кыска жол транзитин талап кылууда. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында унаа жана жолдор министри Жамшитбек Калилов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан долбоорго темир жол курулушун Балыкчыга чейин киргизүүнү сунуштаган.

«Учурда жолдун маршрутун тактоо маселе жаратууда. Биз ички темир жол каттамдарын өнүктүрүү үчүн өз варианттарыбызды сунуштап жатабыз. Бирок, Кытай Кыргызстан аркылуу өтүүчү кыска жол транзитин талап кылууда. 20-апрелде үч тараптуу жолугушу өтүп, бир жыйынтыкка келебиз», — деди Жамшитбек Калилов.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18