24.kg
15:29, 13 марта 2018, 24.kg

77 миң кыргыз жараны Орусиянын «кара тизмесинде»

77 миң Кыргызстан жараны Орусияда «кара тизмеде». Бул тууралуу бүгүн, маалымат жыйынында Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчиси Медетбек Айдаралиев билдирди.

Учурда Орусияда эмгектенип жүргөн Кыргызстан жарандарынын саны 640 миң. Тактап айтканда, жалпы кыргызстандык мигранттардын 88 пайызы Россияда иштеп жүрүшөт.

«2015-жылы кара тизмеге киргендердин саны 180 миң болсо, 2017-жылы 110 миңге азайган. 2018-жылы кара тизмеге киргендердин саны 77 миңге түшкөн. 50 жаран кара тизмеге соттун чечиминин негизинде киргизилгендиктен, алардын чыгуусу кыйынчылык жаратат. Ал эми калган 27 миң жарандын маселеси быйыл чечилет», — деди Медетбек Айдаралиев.

Photo 62822

«Мыйзамды алгачкы жолу бузгандарды кара тизмеге киргизбөөнү суранып жатабыз. Эгер үчүнчү ирет бузса, ал кирет. Кесиптештерибиз дагы түшүнүү менен кабыл алууда.
ЕАЭБдин өкүлдөрү 30-мартта Москвада жолугушуу өткөрөт жана иш-чаранын алкагында сүйлөшүү жүргүзүлөт», — деп кошумчалады ал.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18