24.kg
13:54, 13 марта 2018, 24.kg

Катуу сабалган кыздын апасы энелик укуктан ажыратылышы мүмкүн

Катуу сабалган 8 жашар кыздын биологиялык апасы энелик укугунан ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Аламүдүн райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Тилек Миңбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, кыздын апасы Нарын облусунун Жумгал районунун тургуну.

«Кыздын апасын табуу үчүн кесиптештерибизге жардам сурап кайрылдык. Баланын абалы канааттандырарлык, денесинде сынык жок. Коргоо иштери боюнча жеке план түздүк. Ал бүгүн балдар иши боюнча комиссиянын отурумунда каралат», — дейт Тилек Миңбаев.

«Кечээ суракка катыштык. Кыз өгөй энеси урганын айтты. Эгер тергөөнүн жүрүшүндө ата-энесинин күнөөсү аныкталып, өгөй энеге кылмыш иши козголсо ал үй бүлөдөгү балдардын бардыгын алабыз. Учурда алардын төрт баласы бар. Сабалган кыз жана анын он жашар бир тууганы биринчи аялынан экен. Атасы өгөй энесинен эки балалуу болуптур, бирок туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү жок экен», — деп кошумчалады аткаминер.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18