24.kg
11:40, 13 марта 2018, 24.kg

Жашыл шаар кыйроодо! Мэрия ичтен соолуган бактарды гана кыйып жатканын айтат

2017-жылы Бишкекте 2 миң 938 бак-дарак кыйылган. Алардын 840ы гана авариялык абалда болгон. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолдорду оңдоо иштерине байланыштуу 2 миң 98 бак кыйылган. Анын ичинен Кытай грантынын эсебинен 1,6 миң, «Бишкекасфальтсервис» ишканасынын капиталдык ремонт линиясынын алкагында 453.

1 миң 30 социалдык аз камсыз болгон үй бүлөлөргө 1,5 миң кубометр бак таратылган.

Ал эми шаардын көчөлөрүнө 10,2 миң көчөт отургузулган. 2018-жылы ар кандай түрдөгү 11,6 миң көчөт отургузуу пландалууда.

Photo 62776

Белгилей кетсек, учурда социалдык тармакта ордо кааладагы бактарды кыюуну токтотуу чакыры менен кол топтоо жүрүүдө. Шаардыктар каала башчысы Албек Ибраимовду «бак кыючу», «жашыл шаарды кыйратуучу» катары аташат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18