24.kg
11:35, 13 марта 2018, 24.kg

Акыркы эки айда картошка 4, сүт 3 пайызга кымбаттады

2018-жылдын январ-февралында мурунку айга салыштырмалуу жалпы республика инфляциянын деңгээли 1,4 пайызды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, аталган эки ай ичинде тамак аш продуктуларына жана алкоголсуз ичимдиктерге баалар 1 пайызга жогорулады. Жашылчалар 10,4 пайызга, алмалар 7,1 пайызга, картошкө 4,9 пайызга, сүт 3,1 пайызга өстү.

Гречкага баа 6,7 пайызга, печеньеге 2,1 пайызга, кумшекерге 2 пайызга, балыкка 1,9 пайызга, уй ич майына 1,6 пайызга, кондитерге 1,1 пайызга, өсүмдүк майына 0,7 пайызга жана унга 0,5 пайызга арзандады.

Photo 62775

Өнөр жай продукцияларынын көлөмү 2018-жылдын январ-февралында 35 миллиард сомдон ашып, мурунку жылга салыштырмалуу 5,4 пайызга жогорулады.

Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмдөрүнүн өсүшү, текстиль өндүрүшүнүн көлөмдөрүнүн 2,3 эсеге, кийим-кече өндүрүшүнүн 44,6 пайызга, резиналык, пластмассалык жана башка металл эмес буюмдардын 36,5 пайызга жана мунай продуктуларынын өндүрүшүнүн 25,8 пайызга өсүүсү менен камсыздалды.

Электроэнергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо 12,7 пайызга өстү.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18