24.kg
09:38, 13 марта 2018, 24.kg

12 жашар баласын өлтүргөн кишиге сот эркиндик берди

Ош облустук соту 12 жаштагы уулун өлтүрдү деп шектелген адамга каршы кылмыш ишин токтотту. Бул тууралуу облустук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Кылмыш иши боюнча 1971-жылы туулган Ю. К. аттуу жаран айыпталып, ага Кылмыш жаза кодексинин «Кокустуктан адам өлүмүнө себепкер болуу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Жарандын 4 баласы бар, убактылуу иштебейт.

Соттук отурумда айыпталуучунун жубайы баласынын өлүмү боюнча күйөөсү күнөөлү эмес экенин жана эч кандай дооматы артпай турганын айткан. Ал тосмо арыз жазып берген. Адвокат айыпталуучу коюлган күнөөнү толук мойнуна алгандыктан, анын ишин жеңилдетилген тартипте кароону суранган.

Мамлекеттик айыптоочу адвокаттын өтүнүч катына каршы пикирин билдирген эмес. Тараптардын пикирин уккан соң сот териштирүүнү токтотуу өкүмүн чыгарган.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 29-ноябрында милиция кызматкерлерине 2005-жылы туулган бала киши колдуу болуп каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Анын денесинен ар кандай деңгээлдеги жараттар табылган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18