24.kg
08:58, 13 марта 2018, 24.kg

Өзбек-тажик чек арасы миналардан тазаланат

Өзбекстан менен Тажикстандын өкмөттөрү 2019-жылдын соңуна чейин эки өлкө чек арасын миналардан тазалоо иштерин аяктоо тууралуу макулдашты.

Жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашкандай, бул тууралуу Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин Тажикстанга болгон сапары маалында кол коюлган достук жана ынак коңшулук тууралуу биргелешкен билдирүүдө жазылган.

Чек арадагы тоолуу аймактарга мина коюу иштери 1999-жылы «Өзбекстан ислам кыймылы» экстремисттик тобунун согушкерлери Өзбекстандын Сурхандарья облусуна өтүүгө аракет кылган маалда коюла баштаган.

Мина маселелери боюнча тажик улуттук борборунун маалыматы боюнча, 1999-жылдан 2011-жылга чейин чек арадагы миналардын жарылуусунан 160тан ашык киши жабыркап, 76сы өлгөн. Алардын 15и балдар жана бешөө аялдар болушкан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18