24.kg
17:40, 12 марта 2018, 24.kg

Суроо-жооп. Дин ата-энелик укукту чектебейт

«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.

Суроо: Менин сиңдим өтө динчил үй-бүлөгө турмушка чыкты. Балдары ооруп калса, жолдошу эч бир камырабай дуба окуп олтура берет. Жашоо шарты начар, андыктан балдары тез-тез ооруп турат. Эч бир эмдөө жасашпайт. Күйөө баламдын диндин фанаты болуусуна каршымын. Сиңдиме кантип жардам берсем болот?

Жооп: Ислам боюнча бала үчүн ата-эненин экөө тең жооптуу. Баланын ден-соолугу, билими, кийими, тамак-ашына ата-эне толук жоопкерчиликте. Андыктан баланы дарылоодон баш тартуу динде эң чоң күнөө.

Бул жерде дин эмес, ата-эненин билимсиздиги себеп болууда. Мындай учурда ачык сүйлөшүү, болбосо укук коргоо органдарына кайрылуу керек. Себеби, баланын саламаттыгы башкы орунда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18