24.kg
15:57, 12 марта 2018, 24.kg

Жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

8-март күнү болжол менен саат 19:35 чамасында белгисиз айдоочу «Балыкчы-Ананьево-Каракол» унаа жолунан 55 жаштагы А.Ж аттуу жергиликтүү тургунду сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми, жабырлануучу алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерден көз жумган.

Жол кырсыгы Түп райондук ИИБде катталып, чогултулган иш-кагаздар райондук тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Ыкчам-издөө иштеринин негизинде, кылмышка шектүү катары 37-жаштагы К.А. аттуу Бишкек шаарынын тургуну кармалган. Учурда тергөө иштери уланууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18