24.kg
14:48, 12 марта 2018, 24.kg

Бишкектеги курултайга Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев дагы чакырылат

Оппозициядык күчтөр Бишкекте курултай өткөрүүгө даярданууда. Бул тууралуу уюштуруу тобунун мүчөсү Адил Турдукулов «24.kg» агенттигине билдирди.

Анын айтымында, курултай 7-апрелге карата өткөрүлөт. Ага чейин уюштуруучулар аймактарга чыгып, эл менен жолугушууларды өткөрмөкчү.

«Азырынча үч тема аныкталды. Бул саясый куугунтукка алынып, камалгандар, сөз эркиндиги жана жемкорлук менен күрөш. Бүгүн уюштуруу тобунун биринчи жыйыны өттү. Талкуу кызуу болду» — дейт Адил Турдукулов.

Курултайга баардык саясый күчтөр менен бирге өлкөдөн качып кеткен мурдакы президенттер Аскар Акаев жана Курманбек Бакиев дагы чакырылды.

«Биз аларга чакырууну эми жиберебиз. Бирдин оюубузча бөлүнбөй, баарыбыз бир макулдашууга келе турган мезгил келди» — дейт ал.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18