24.kg
10:36, 12 марта 2018, 24.kg

Бишкек тургунунун уунасын тартып алган кылмышкерлер кармалды

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү айдоочуну өлтүрөбүз деп коркутуп, унаасын тартып алды. Бул тууралуу «24.kg» сайтында шаардык ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Свердлов райондук ИИБга жаран Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаасын бейтааныш эки жигит коркутуу жолу менен тартып алгандыгын айтып кайрылган.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары 40 жаштагы Р.Б жана 33 жаштагы А.М. кармалган. Алар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосуна алынган. Тинтүү учурунда кармалган жарандын унаасынан Макаров үлгүсүндөгү тапанча октору менен табылган. Курал экспертизага жөнөтүлүп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18