24.kg
09:16, 12 марта 2018, 24.kg

Кыз төрөгөндүгү үчүн күйөөсү аялынын үстүнө кислота куюп жиберген

Индиянын Морадабад шаарында экичи жолу кыз төрөгөндүгү үчүн күйөөсү аялынын үстүнө кислота куюп жиберген. Бул тууралуу Times of India басылмасы жазып чыккан.

25 жаштагы аял оор абалда ооруканага жаткырылган. Анын бети-колу жана ичи күйүп калган. Күйөөсү окуя катталган соң качып кеткен, учурда полиция тарабынан изделүүдө.

Жубайлардын никеге турганына 8 жыл болгон.

«Биринчи кызымды төрөгөндө жолдошумдун туугандары мени кодулай баштады. Өткөн жылы экинчи кызым төрөлгөндө кайын кайын журтумдун мага жасаган терс мамилеси күч алды. Күйөөм уруп-согуп күн көрсөткөн жок»- дейт ал.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18