24.kg
15:30, 06 марта 2018, 24.kg

Арабтар Кыргызстандын билим берүү тармагына 100 миң доллар грант бөлөт

Кыргызстандын Сауд Арабиядагы Толук ыйгарым укуктуу элчиси Абдулатиф Жумабаев Ислам тилектештик фондунун аткаруучу директору Ибрахим бин Абдалла Аль-Хузейми менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлайт.

Маалыматтарга караганда, тараптар билим берүү багытында кызматташууну өнүктүрүүнү талкуулашты. Аль-Хузейми фонд быйыл Кыргызстанга 100 миң доллар өлчөмүндө грант берүүнү чечкенин билдирди.

Ислам тилектештик фонду 2005-жылы Ислам Кызматташтык Уюмунун саммитинен кийин түзүлгөн. Ал Ислам өнүктүрүү банкынын колдоосу аркылуу жакырчылыкты азайтуу, өлкөлөрдүн өндүрүш дараметтерин кеңейтүү, сабатсыздыкты жоюу жана кургак учук, безгек, ВИЧ ооруларына каршы күрөшүү багытында иш алып барат.

Ислам тилектештик фонду буга чейин дагы Кыргызстанга насыяларды жана кайтарымсыз жардамдарды берип келген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18