24.kg
15:14, 06 марта 2018, 24.kg

Лола Каримова: Гимнастика федерациясынын президенттигинен кетүүгө аргасыз болдум

Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун кенже кызы Лола Каримова-Тилляева 5-мартта Гимнастика федерациясынын президенттигинен кетүүгө аргасыз болгонун билдирди.

«...13 жылдан кийин Өзбекстан Гимнастика федерациясынан кетүүгө аргасыз болдум. Спорттун бул түрүн өнүктүрүүгө салым кошкон бардык спортчуларга, машыктыруучуларга жана жумушчуларга ыраазычылыгымды билдирем!», — деп жазды ал Instagram баракчасына.

Мындан тышкары Тилляева Азия гимнастика бирикмесинин ардактуу президенти наамын сактап калганын белгиледи. Каримова бул кызматтан кетүүгө эмне себеп болгонун айткан жок.

2-февралда Лола Каримова-Тилляева Өзбекстандын ЮНЕСКОдогу элчилигинен дагы кеткенин жазган болчу. Ал бул кызматка 2008-жылы дайындалган.

Каримовдун кенже кызы ЮНЕСКОдон кете турганын биринчи жолу былтыр августта жарыялаган. 39 жаштагы Лола Каримова-Тилляева убактысынын көбүн Ислам Каримов фондундагы иштер үчүн жумшай турганын айткан. Ал учурда " Сен жалгыз эмессиң" балдар фондунда гуманитардык ишин улантууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18