24.kg
14:25, 06 марта 2018, 24.kg

Ош шаарында көрнөк-жарнактар ирээтке келтирилип жатат

Ош шаарында март айынын башынан тарта тазалоо жана жашылдандыруу боюнча жарыяланган 3 айлыктын негизинде соода түйүндөрдүн, кафе, ресторандардын, дүкөндөрдүн жана сулуулук салондордун сырткы көрүнүшүн жана айланасындагы жарнамаларды ирээтке келтирүү боюнча текшерүүлөр башталды. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирет.

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жарнак бөлүмү Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыровдун жетекчилиги менен 2-3-март күндөрү А. Масалиев проспектисиндеги, Курманжан датка жана Ленин көчөлөрүндөгү соода дүкөндөрдүн, кафелердин, сулуулук салондордун жана окуу борборлордун сырткы жарнамаларын Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тили» жөнүндө мыйзамдын талаптарына ылайык келүүсүн текшерип, дал келбеген жарнамаларды алып салуу иштерин жүргүздү.

Жыйынтыгында 30 даанадан ашуун дубалдагы жана чатырдагы жарнамалар, 13 даана тротуарга коюлган штендерлер алынып салынды.

Белгилей кетсек, көрнөк-жарнактарды ирээтке келтирүү боюнча иш-аракеттер Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жарнак бөлүмү тарабынан шаардын баардык аймактарында май айынын аягына чейин такай жүргүзүлөт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18