24.kg
11:39, 06 марта 2018, 24.kg

Кыргызстанда айылдык кеӊештердин 86 пайызында аял-депутаттар жок

Кыргызстанда айылдык кеӊештердин 86 пайызында аял-депутаттар жок. Бул тууралуу Аялдарга колдоо көрсөтүү борборунун президенти Розетта Айтматова Жогорку Кеӊеште өтүп жаткан Кыргызстан аялдарынын улуттук форумунун жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, аялдардын катышуусусуз жергиликтүү деӊгээлдеги көйгөйлөрдүн чечилиши кыйын. «Аймактарды өнүктүрүүдө айылдык кеӊештердин, анын ичинде элет жергесиндеги социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүү жаатында аял-депутаттардын ролу зор. Айылдык кеӊештердеги аял-депутаттардын саны 10 пайыздан ашпайт. Ошондуктан, мыйзам кабыл алып, алардын санын бери дегенде 30 пайызга чейин жеткирүү зарыл. Жогорку Кеӊеш биздин өтүнүчүбүздү эске алуу менен, мыйзамды тездетип кабыл алып берет деген ишеничте турабыз. Ал аялдарга арнаган эӊ сонун белек болор эле», — дейт Аялдарга колдоо көрсөтүү борборунун президенти.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18