24.kg
10:12, 06 марта 2018, 24.kg

Фарид Ниязов Акүйдөн кетип, КСДПдагы жумушун улантат

Президенттин аппарат башычысы Фарид Ниязов жумушуна кайра келбейт. Бул тууралуу ал өзү билдирди.

Анын айтымында, отставкага кетүү арызы күчүндө. Аны президент Сооронбай Жээнбеков дагы билет.

Белгилей кетсек, өткөн жумада Фарид Ниязов отставкага кетүү арызын жазган. Бирок аны мамлекет башчысы кабыл алган эмес. Президенттин маалымат кызматы Фарид Ниязов бир жума эс аларын маалымдашкан.

«Алмазбек Атамбаев бизге дайым чындыкка гана таянуу милдетин коет. Демек КСДПнын жумушу дагы Кыргызстандын кызыкчылыгын алкагында гана жүрөт» — дейт ал.

Эскерте кетсек, КСДП партиясынын январь айына белгиленген курултайы дагы эле өтө элек. Буга чейин курултайындын күн тартибине бир гана маселе — Алмазбек Атамбаевди кайра төрагалыкка шайлоо киргизилери айтылган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18